(Go: >> BACK << -|- >> HOME <<)

Мазмунга өтүү

Батуми

Отурукташкан жай
Батеми
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Грузия
Координаттар 41°38′45″ с. ш. 41°38′30″ в. д.HGЯO
Мэр Арчил Чиковани
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 64,9 км²
Борборунун бийиктиги 3 м
Убакыт аралыгы UTC+4
Калкы
Калкы 152 839 адам (2014)
Жыштыгы 2355 адам/км²
Улуттук курамы грузиндер (93,4%), армяндар (3,0%), орустар (1,9%)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +995 422
Почта индекси 6000–6099
Расмий сайты http://batumi.ge
 (груз.)  (англ.)
Батеми (2014).

Батуми шаары - Грузин Республикасындагы шаар (1878-жылдан). Ажар Республиканын администрация борбору. Кара деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан ири порт. Калкы 152 839 (2014). Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Нефть ажыратуу, машина куруу (кеме, нефть жана чай өнөр жайы үчүн жабдуу, электр-техникалык буюмдар), тамак-аш (чай фабрикасы, цитрус комбинаты ж. б.) өнөр жайы, чайдын калдыгынан кофеин алуучу завод, тамеки фабоикасы, университет, 2 театр, 2 музей бар. Аквариум дельфинарий иштейт. Деңиз боюндагы климаттык (Махинжаури, Жашыл Тумшук, Цихисдзири жана Кобулети) курорт. 11-кылымдан чеп катары белгилүү. Шаарга жакын Батуми ботаникалык багы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4