(Go: >> BACK << -|- >> HOME <<)

Мазмунга өтүү

Туамоту

Википедия дан
08:59, 11 март 2024 карата Baydastann (талкуу | салымы) (Link suggestions feature: 2 links added.) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Туамоту.

Туамоту, Паумоту - Тынч океандын түштүк чыгыш бөлүгүндөгү 78 шуру аралдарынан жана рифтерден турган архипелаг.

Франция Полинезиясынын курамында. Аянты (Гамбье а. менен бирге) 810 км2. Эң ири аралдары - Рангироа жана Факарава. Климаты тропиктик, пассаттык. Ири аралдарында панданус, баньян өсөт. Кокос пальмасы, нан дарагы, банан өстүрүлөт. Мал чарбасы бар. Балык кармалат. Деңизден бермет чогултулат. Негизги шаары - Ротоава (Факарава аралында). Аралдарды 1606-ж. португалиялык деңиз саякатчысы П. Кирос ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4