Климат
Климат — тар мааниде (жергиликтүү климат) ― белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими; кең мааниде ― статистикалык сүрөттөмөнү камтыган климат системасынын (атмосфера, биочөйрө, гидросфера, литосфера, криосфера) абалы[1]. Климат түшүнүгү жалаң Жерге таандык эмес, бул түшүнүк башка атмосферасы бар астрономиялык объектерине (планеталар ж.б.) да таандык.
Глобалдык жана жергиликтүү климаттарды изилдөөсүндө ар башка ыкмаларды колдоншот. Глобалдык климатты ― климатологиянын, жергиликтүү ― метеорологиянын ыкмалары менен изилдешет. Климатология метеорология илиминин бөлүмү.
Жергиликтүү климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт.
Кайндайдыр бир мейкиндикте климаттык процесстер өтүү боюнча макроклиматты, мезоклиматты, микроклиматты ажыратышат.
Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.
Этимология
«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — Күн нурунун жер бетине жантайюу деген сөзмө-сөз маанидеги сөзүнөн жаралган. Башкача айтканда «клима» ― Күн нурунун жер бетине тийишинин бурчу. Байыркы гректер бөлөк кеңдиктердеги аймактардын климаттык өзгөчүлүгүн «клима» жана күндүн узактыгы менен ченешкен[2].
Кыргыз тилине «климат» сөзү орус тилинен өзгөрбөй келген. Ал сөз орус тилине француз тилиндеги «climat» сөзүнөн келген.
Жер климатын жаратуучу факторлор
Климат жаратуучу факторлор ― климат системасына тышкы таасирлерди аныктоочу физикалык механизмдер, ошондой эле климат системасынын бөлүктөрүнүн ортосундагы өз ара байланыштар. Бул факторлорду эки топко бөлүүгө болот. Биринчисине тышкы климат жаратуучуү факторлору, экинчисине климаттык системанын өз касиеттерин мүнөздөөчү факторлор киришет (ички факторлор).
Жергиликтүү климаттын негизки аныктоочу факторлор: Күндүн нур агымы, атмосферанын айлануусу, жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү.
Тышкы факторлор
Тышкы факторлорду өз кезегинде эки топко бөлүүгө болот: астрономиялык жана геофизикалык.
Астрономиялык факторлор
Астрономиялык факторлор:
- Күн жаркыроосу;
- Күн системасындагы Жердин жайгашы жана кыймылы;
- Жердин айлануу огунун орбита тегиздигине жантайышы;
- Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы;
- космос мейкиндиктеги заттын тыгыздыгы.
Астрономиялык факторлорго, биринчиден, Жер атмосферасынын жогорку чегине кирген күндүн энергиясынын бөлүштүрүлүшү, экинчиден, Күндүн жана Күн тутумунун башка планеталарынын жана Айдын гравитациялык таасири көз каранды.
Күн жаркыроосу (Күн радиациясы) атмосфера процесстеринин энергия булагы.
Айдын гравитациялык таасири убакыттын өзгөрүшү менен, планетабыздын орбиталык кыймылынын мүнөздөмөлөрүнүн термелүүлөрүн, суу массивтердин ташкынынын жана тартылышын жаратат, натыйжада Күндөн атмосферанын жогорку чегине келген энергиянын олку-солку болушуна алып келет. Тышкы магнит талаасы дагы белгилүү ролду ойнойт.
Жыл мезгилдин өзгөрүшү Жердин айлануу огунун эклиптикага (Жер орбитасынын тегиздиги) ыкташы менен аныкталат. Учурда экватор менен эклиптика тегиздиктеринин ортосундагы бурчу 23° 26' 30" (23,44°), бирок өлчөмү 22°―24,5° аралыгында 41 миң жылдык мезгилинде өзгөрүп турат. Бул тропикалардын жана уюлдардын кеңдиктери 2,5° чегинде өзгөрүп турганын билдирет. Бирок, орбитанын эксцентриситетинин өзгөрүшү менен эклиптикага болгон перпендикулярына салыштырмалуу Жердин огунун прецессиясы ― гравитациялык толкундоолордун эң олуттуу көрүнүштөрү.
-
Экваторго башка кеңдиктерге караганда Күндүн нуру тик тийгендиктен, энергиясы көбүрөөк жыштыгы менен жайылат. Экватордон алыстагындан соң Күн нуру жер бетине кыйгачыраак тийип баштайт. Андыктан, ошондой эле энергиянын көлөмү чоңураак аймагына жайыла баштайт. Андан тышкары атмосферага нурдун кыйгач кириши анын атмосферадан өткөн жолун узартат. Андан Күн агымынын бир аз бөлүгү атмосферадан таралып жерге жетпей калат
-
Жердин өз орбита тегиздигине жантайышы. Жылдын ичинде жайтайюу бурчу өзгөргөнү үчүн төрт жыл мезгили бар
-
Жер прецессиясынын анимациясы. Айлануу мезгили 26 миң жыл
Геофизикалык факторлор
Геофизикалык факторлор:
- Жердин чоңдугу жана салмагы;
- тартылуу күчүнүн көрсөткүчү;
- Жердин магнитосферасы (магнит талаасы);
- Ички жылуулук.
-
Жер магнитосферасы Күн шамалдарынан Жер үстүн жана атмосферанын космос мейкиндигине кошумча таралышынан коргоп турат
-
Вулканизм ― планетанын ички жылуулугунун бир көрүнүшү
-
Жер Күн тутумунун башка планеталары менен салыштырмалуу
Ички факторлор
- атмосферанын салмагы жана курамы;
- материктердин жана океандардын жайгашуусу;
- жердин жана океан түбүнүн рельефи;
- океандын салмагы жана суусунун курамы.
- жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү (топурак, өсүмдүк, муз, кар катмарлары)[3][4].
-
Кургак абанын курамы: 78 % азот, 20,9 % кычкылтек, 0,9 % аргон ж.б. газдар. Салмагы 5,1⋅1018 кг (буу менен).
Жер атмосферасы касиети боюнча суунун суюк абалына керектүү басымды камсыздайт, ультракызгылт көктүн бир бөлүгүн сиңет, жылуулуктуу сактап Жер үстүн жылытат (парник эффектиси), күн менен түн ортосундагы температуранын кескин өзгөрүшүнө жол бербейт
Жер климатынын классификациясы
Алисов боюнчау
Советтик климатолог Алисов Борис Петровичтин (1891―1972) классификациясы боюнча катардардагы климаттык алкактары бар: уюлдук, субуюлдук, мелүүн, субэкватордук, экватордук, субтропикалык, тропикалык.
Кёппен боюнча
Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясы боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган.
Биринчи тамга | Экинчи тамга | Үчүнчү тамга |
---|---|---|
A (тропикалык) | f (нымдуу) | |
m (муссондук) | ||
s (саванна, кургак жай менен) | ||
w (саванна, кургак кыш менен) | ||
B (кургак) | W (чөл) | |
S (талаа) | ||
h (ысык) | ||
k (суук) | ||
C (мелүүн) | w (кургак кыш менен) | |
s (кургак жай менен) | ||
f (кургак мезгили жок) | ||
a (ысык жай) | ||
b (жылуу жай) | ||
c (суук жай) | ||
D (кентиненттик) | w (кургак кыш менен) | |
s (кургак жай менен) | ||
f (кургак мезгили жок) | ||
a (ысык жай) | ||
b (жылуу жай) | ||
c (суук жай) | ||
d (аябай суук кыш) | ||
E (уюлдук) | T (тундра) | |
F (көп жылдык тоң) |
Климаттын өзгөрүшү
Булактар
- ↑ https://web.archive.org/web/20160524223615/http://www.ipcc.ch/pdf/assessment-report/ar5/wg1/WG1AR5_AnnexIII_FINAL.pdf
- ↑ http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf
- ↑ http://elib.rshu.ru/files_books/pdf/img-214143231.pdf
- ↑ http://szf.aviamettelecom.ru/wp-content/uploads/2014/02/%D0%9C%D0%B5%D1%82%D0%B5%D0%BE%D1%80%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F-%D0%B8-%D0%BA%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F.pdf
Адабият
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2