(Go: >> BACK << -|- >> HOME <<)

Мазмунга өтүү

Маас

Википедия дан
The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.
Маас.
Маас.

Маас, Мёз (фламандча Мааs, фр. Meuse; жалпы европалык уңгусу mus – ным, зак) – Франция, Бельгия жана Нидерланддагы дарыя. Узундугу 925 км, алабынын аянты 36 миң км2. Арденна тоолорунан башталып, Ортонку Европа түздүгү аркылуу агат да Рейндин дельтасынын түштүк салаасына куят. Дарыя суусунун деңгээли төмөнкү агымында кыйла аралыкта чектеш жаткан түздүктөрдөн жогору болгондуктан Маастын нугуна дамба (тосмо) курулган. Негизинен жамгыр, ошондой эле кар сууларынан куралат; суу кышында жана жазында кирет; деңгээли 5–8 мге чейин көтөрүлөт. Орточо чыгымы 300–400 м3/сек, эң көбү 3 миң м3/секга чейин. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Каналдар аркылуу Шельда, Сена, Рейн ж. б. дарыялар менен туташат. Боюнда Верден (Франция), Намюр, Льеж (Бельгия), Маастрихт (Нидерланд) шаары бар.

Колдонулган адабияттар