Криосфера

Википедия дан
The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.
Криосфера.

Криосфера (крио – жана сфера) – Жердин атмосфера, гидросфера жана литосферанын өз ара аракеттенүү зонасындагы үзүк-үзүк кабыгы. Криосферада муз болот же анын пайда болушуна шарт түзүлөт. Криосферанын төмөнкү чеги тоң жана тоңгон тоо тектердин таманынан (калыңдыгы Антарктидада 4–5 км, уюлга жакын аймактарда 1,5–2 кмге чейин) ионосферанын төмөнкү чегине чейин (калыңдыгы 100 км) жетет. Криосферага көп сандагы криогендик тектер: муз булуттары, кар катмары, көлмөлөрдүн үстүнкү муз катмары, чоркайнар, тоо мөңгүлөрү жана мөңгү катмарлары таандык. Терминди поляк окумуштуусу А. П. Добровольский (1923) сунуштаган.

Колдонулган адабияттар